Ethereum Индияга кантип жардам бере алат? Экзамен суроолорунун ачыкка чыгып кетишинин алдын алуу

Yuting Jiang 2026-ж., 14-ноябрь

2026-жылдын май айында Индияда суроолор ачыкка чыгып кеткендиктен, медициналык окуу жайларына тапшыруу үчүн өткөрүлүүчү жалпы улуттук NEET экзамени жокко чыгарылды. Бул 2,2 миллионго жакын талапкерге (Индиянын эсептөө тутумунда 22 лакх) таасир этти. Чечим Индия боюнча студенттердин нааразылык акцияларына алып келди, ал эми экзамендерди реформалоо андан да кеңири жаштар кыймылынын орток талабына айланды.

Биз бул көйгөйдү талкуулоо үчүн Мумбайдагы Devcon 8 иш-чарасында семинар өткөрдүк. Экзаменди жокко чыгаруу туура чечим болдубу деп талашкандын ордуна, суроолордун мындан ары ачыкка чыгып кетишине кантип жол бербөөнү талкууладык.

Сунуштардын бири — экзаменди компьютерде өткөрүү. Бул жетиштүү болобу? Анда деле кимдерге ишенүүгө туура келет жана алардын ишин ким текшере алат?

Катышуучуларга чакан жарандык ассамблея сыяктуу иштөөнү сунуштадык. Блокчейн боюнча алдын ала техникалык билим талап кылынган жок. Семинарды катышуучулар система эмнеге кепилдик бериши керектигин «өзгөртүлбөстүк» сыяктуу терминдерди колдонбой эле талкуулай алгыдай кылып уюштурдук. Мисалы, жазуу түзүлгөндөн кийин аны өзгөртүү мүмкүн болбошу керек. Бир гана туура жооп жок эле: блокчейндин кереги жок деген жыйынтыкка келсе да болмок.

Эки баштапкы ыкма — Сейф жана Китепкана

Сейф: сырды сактоо Чыныгы суроолорду азыраак адам көрөт жана процесстин ар бир кадамы корголот.
Китепкана: сыр сактоонун кереги жок Бардык мүмкүн болгон суроолор жалпыга ачык, ал эми экзаменге кире турган суроолор ошол күнү туш келди тандалат.

Бул эки ыкма талкууну баштоо үчүн гана берилген. Катышуучулар алардын бирин жактоого милдеттүү эмес болчу.

Семинарды чогуу алып барган кесиптештерим командаларга сунуштарын иштеп чыгууга жардам беришти. Мумбайда иштеген криптоаналитик PreeGee «Сейф» командасы менен, ал эми Agoraнын техникалык директору Nicolas Gimenez «Китепкана» командасы менен иштеди.

  1. Биринчи добуш берүү. Катышуучулар телефондорунан Agoraдагы баштапкы пикирлерге «Макулмун», «Макул эмесмин» же «Так билбейм» деп добуш беришти. Алгачкы картада баштапкы ыкмаларга болжол менен туура келген эки пикир тобу көрүндү. Көзөмөлдү жактагандар «Сейф» ыкмасына, технологиялык чечимдерди жактагандар «Китепкана» ыкмасына ыкташты.

    Биринчи добуш берүүдөн кийинки пикирлер картасы. Көзөмөлдү жактагандар (10 катышуучу, 56%) экзаменди алдын ала даярдоону жана кызматкерлердин ишин ачык-айкын көзөмөлдөөнү жакташкан. Технологиялык чечимдерди жактагандар (7 катышуучу, 39%) суроолорду жасалма интеллект менен түзүү жана блокчейндин ачыктыгы сыяктуу коргоо чараларын жакташкан.

    Биринчи добуш берүүдөн кийинки эки пикир тобу. Сүрөт аркылуу картаны толук өлчөмдө ачсаңыз болот.

  2. Командалык иш. Катышуучулардын болжол менен 60%ы «Сейф», 40%ы «Китепкана» командасына кошулду. Аларга «Суроолор ачыкка чыгып кетпеши үчүн [ким] [эмне кылышы керек], мында [коргоо чарасы] сакталууга тийиш» деген үлгү менен сунуш жарыялоого жети мүнөт берилди.

  3. Экинчи добуш берүү. Катышуучулар жаңы сунуштарга добуш беришти. Картада эми эки эмес, беш пикир тобу көрсөтүлдү.

  4. Сунушту сыноо. Убакыт бүтө электе катышуучулар эң талаштуу сунуштун алсыз жактарын талдай башташты. Семинарда жыйынтык рейтинг түзүлгөн жок. Agoraдагы талкууну дагы бир жумага ачык калтырдык.

Agora пикир топторун катышуучулар кандай добуш бергенине жараша түздү. Пикирлердин тексти жана катышуучулар кайсы командага киргени топтордун курамына таасир берген жок. Андан соң жасалма интеллект (ЖИ) модели топторго ат коюп, алардын көз караштарын кыскача баяндады. ЖИ топтордун курамын да, алар кайсы пикирлерге макул болгонун да аныктаган жок.

Добуштар эмнени көрсөттү?

Agoraнын отчётунда 18 катышуучу, 330 добуш жана 22 пикир катталган. Алардын 12син катышуучулар семинардын жүрүшүндө жазышкан.

Семинардан кийинки Agoraнын пикирлер картасында беш топ көрсөтүлгөн: чечим кабыл алуу укугун бөлүштүрүүнү жактагандар (3 катышуучу, 17%), салттуу ыкманы жактагандар (3, 17%), ачык-айкындыкты жактагандар (4, 22%), күмөн санагандар (2, 11%) жана аралаш технологиялык ыкманы жактагандар (5, 28%).

Agoraнын отчётундагы беш пикир тобу. 18 катышуучунун бири жетиге жетпеген пикирге добуш бергендиктен, эч бир топко кирген эмес.

Картадагы «чечим кабыл алуу укугун бөлүштүрүүнү жактагандар» — суроолорду бир эле орган тандабай, эксперттер тобу добуш берүү аркылуу тандасын деген катышуучулар.

Орток пикир — ар ким текшере ала турган чүчүкулак

Эгер суроолор туш келди тандалса, ар бир адам чүчүкулактын жыйынтыгы бурмаланбаганын текшере алышы керек.

Отчётто бул беш топтун тең колдоосуна ээ болгон жалгыз пикир катары көрсөтүлгөн. 83%ы макул болуп, эч ким каршы чыккан эмес. Катышуучулар туш келди тандоо колдонулса, мына ушундай кепилдик болушун жакташты. Бул туш келди тандоонун өзүн, ачык суроолор банкын же Ethereumду жактаган добуш эмес. Инженерлер ар кандай чечимди ушул талап боюнча сынай алышат: чүчүкулакты каалаган адам текшере алабы? Ethereum — муну камсыздоонун мүмкүн болгон жолдорунун бири. Семинарда Ethereum зарылбы же ал өз алдынча суроолордун ачыкка чыгып кетишине бөгөт коё алабы деген суроолорго жооп табылган жок.

Кайсы маселелерде пикир келишпестик сакталды?

  • NEET экзаменин компьютерде өткөрүү суроолордун ачыкка чыгып кетишине бөгөт коюуга жетиштүү. 17%ы «Макулмун», 39%ы «Макул эмесмин», 39%ы «Так билбейм» деп добуш берген.
  • Эң коопсуз экзаменде мүмкүн болгон бардык суроолор жалпыга ачык. 33%ы макул болуп, 39%ы каршы чыккан.
  • Экзаменде даярдык учурундагы суроого дээрлик окшош суроо чыгып калуу ыктымалдыгы аз болсо, мындай тобокелдикти кабыл алууга болот. Жалпысынан 61%ы макул болгон. Күмөн санагандар тобунун эки мүчөсү тең буга каршы добуш берген.

50 мүнөт көз ачып-жумганча өттү. Бул убакытта картадагы пикир топторунун саны экиден бешке өстү. Agora катышуучуларды кайсы командага киргенине карабастан, добуштарына жараша топтоду. Сунуштарды жаза баштаганда ар бир команданын ичинде пикир келишпестиктер бар экени, ал эми ар башка командадагы айрым адамдардын ою күтүүсүз жерден дал келгени көрүндү.

Семинардын аягында PreeGee муну мындайча сүрөттөдү:

Башында талкуу өзүнөн өзү дебатка айланды. А тобу Б тобуна каршы тургандай болду. Бирок маселени тереңирээк карап, чечимди иштеп чыга баштаганда, башында макул болгон адам менен пикириң келишпей калышы мүмкүн экенин түшүнөсүң. Мурда оюңар бир жерден чыгат деп ойлобогон адамдар менен да тил табышышың мүмкүн.

Кайсы тарап жеңиши керек деп сурагандын ордуна, ар кайсы тараптагы адамдар үчүн эмне маанилүү экенин угалы. Ошондо башка пикир келишпестиктер сакталып турса да, алар чогуу колдой ала турган чечимдерди табууга болот.

Бул чакан семинар жарандарды, коомчулуктарды жана мекемелерди колдонмонун жардамы менен Agoraны сынап көрүүгө жана өздөрү үчүн маанилүү маселелердин чечимдерин чогуу табууга шыктандырат деп үмүттөнөбүз.

Agoraдагы баштапкы талкууну көрүү · Devcon архивиндеги расмий баракты көрүү

Agoraны жана башка коомдук пайдалуу демилгелерди каржылаганы үчүн GCC уюмуна өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.